Чымын-чиркей жээчү өсүмдүктөрдүн үрөндөрүн отургуузу эрежеси.
Pinguicula balcanica
Чымын-чиркей жээчү өсүмдүктөрдүн үрөндөрү өнүгүү сапатын аз убакытка чейин сактайт. Бир жылдан кийин эле өнүгүү сапаты чектелип калат. Ошондуктан бул өсүмдүктөрдүн жаңы үрөндөрүн алганда эле дароо отургузуш керек.
Отургузуш үчүн эки идиш даярдаңыз. Бирөөсү чоңдугу 10×15×10 см (узундугу x жоондугу x бою) менен, экинчиси андан ар бетинен 10 см-ге чоң. Чоңураагы тешиктери жок жана үстүн айнек менен же тунук пластикалык капкак жабууга мүмкүнчүлүгү менен болушу керек. Кичирээги түбүндө 3–5 тешиктен кем эмес болушу керек. Ар бир тешиги суу өткөрүш үчүн 1 см-дей болушу керек. Чоң идишти жарымысына чейин суу менен толтуруңуз, аквариум сыяктуу кылыңыз. Кичинекей идишке торф субстраттан салыңыз, таза кум кошсоңуз болот. Анан нымдалган субстраттын үстүнө үрөндөрдү бирдей себиңиз. Аягында кичинекей идишти чоң идишке, суу кичине идиштин ортосуна жеткендей кылып салыңыз. Андан кийин күтүш эле керек. Бир айдын ичинде топурактын үстүндө көчөттөр пайда болуп башташат. 3–6 айдан кийин ар бирөөну ар башка горшокко отургузуңуз.
< stro ng>
««« Кийинки макала: Сиз торт жалбырактуу өсүмдүктүү бакытка өстүрүп жатасыз – марсилия торт жалбырактуу (Marsilea quadrifolia) Мурунку макала: Суукка чыдамкай пальма (чүткөр пальмасы) Rhapidophyllum hystrix »»»
Шаршемби 10.11.2010 18:06 | Басып чыгаруу | Курт-кумурскаларды өлтүрүүчү өсүмдүктөр
КПР клубу туралуу
Өзүңөрдүн өсүмдүк өстүрүүдөгү тажрыйбаңар менен бөлүшкүлө. Бул жөнүндө макала жазыңыз жана анны Ботаникс журналына өзүңүздүн эне тилиңизде жарыялаңыз! Мындан аркы маалымат үчүн биз менен байланышыңыз.
Баары Газон Зыянкечтер Ийне жалбырактуулар Козу карындар Курт-кумурскаларды өлтүрүүчү өсүмдүктөр Пальмалар Суу жана саз өсүмдүктөрү Экзотикалык өсүмдүктөр Өсүмдүк өстүрүү үчүн инструкциялар