Суукка чыдамкай пальма (чүткөр пальмасы) Rhapidophyllum hystrix
Rhapidophyllum hystrix дүйнө жүзүндөгү пальмалардын суукка эң чыдамкай түрү болуп саналат жана монотиптүү Rhapidophyllum түрдүн жалгыз үлгүсү . жаратылышта ал Американын түштүк – чыгыш саз жерлеринде өсөт. Суукка жана аязга – 20 °C чыдамкайы менен бул түр бизде дагы ачык асмандын алдында өстүрүүгө жарайт.
Анын оң сапаттарына узун эмес боюн (максимум 1–3 метра) жана жагымдуу тыгыз тикенектүү сөңгөгүн кошо алабыз.
Дарактын орус аты чүткөр пальмасы латин атынын котормосунан келет- Rhapidophyllum = „ийнелүү дарактар“, hystrix = „чуткор“.
Биздин шарттарда пальманы өстүрүш кыйын эмес. үрөндөрңн эрежеге карата отургузуңуз, пальмага, тропикалык түрлөрүндөй, ысык температура кереги жогун унутпаңыз. Температура болжолу менен 20 °C туура болот. Биринчи 3 жылдын ичинде пальманы жайында эле эшикте өстүрүшү сунуш кылынат, кышында аны бөлмөдө плюс температурасында өстүрүш сакталуу болот. 3 жылдан кийин пальма биздин кыштарды чыдаш үчүн чоң эле болуп калат, ошондуктан сиз аны чөптүү жерге отургузсаңыз болот. Башка пальмаларга окшоп, ага сууну жана абаны жакшы өткөрүүчү топурак керек жана баарынан жакшы түштүк эңкейиш. Кышында пальманын эң жаман душманы суук эмес, топурактын абдан нымдуусу жана тамырлардын чирип кетүүсү. Негизи пальма проблемасыз минус 15–20 °C температураны чыдайт. Бул түрдүн чыдыган эң төмөн температура –28 °C.
Суукту
чыдаган пальмаларды сатуу
««« Кийинки макала: Чымын-чиркей жээчү өсүмдүктөрдүн үрөндөрүн отургуузу эрежеси. Мурунку макала: Биз жаңы газон салабыз »»»
Бейшемби 11.11.2010 18:18 | Басып чыгаруу | Пальмалар
КПР клубу туралуу
Өзүңөрдүн өсүмдүк өстүрүүдөгү тажрыйбаңар менен бөлүшкүлө. Бул жөнүндө макала жазыңыз жана анны Ботаникс журналына өзүңүздүн эне тилиңизде жарыялаңыз! Мындан аркы маалымат үчүн биз менен байланышыңыз.
Баары Газон Зыянкечтер Ийне жалбырактуулар Козу карындар Курт-кумурскаларды өлтүрүүчү өсүмдүктөр Пальмалар Суу жана саз өсүмдүктөрү Экзотикалык өсүмдүктөр Өсүмдүк өстүрүү үчүн инструкциялар