Ботаникс – өсүмдүктөр жана багбанчылык тууралуу журнал

Кыргыз версиясы

Биз жаңы газон салабыз

Жаңы газон салыш же эскини отургузуш учун эң ыңгайлуу убакыт май же июнь, бирок жыл абдан кургак болсо, июль деле ыңгайлуу болот.

1. жаңы газондун биринчи отургузушу

Газон отургузгуңуз келген жерди 10–15 см ылдый казыңыз. Андан кийин топурактын үстүн тегиздеңиз жана таптаңыз, мисалы убалик менен.

Андан кийин сизде 2 мүмкүнчүлүк бар:

a) газонду отургузуу

Биринчиден, газон сала турган аянтты ченеңиз. Отургузуучу материалдын чыгымын санаңыз: 25 г отургузуучу материал 1 м² + ар бир 10 м² 25 г отургузуучу материалдан кошумча кошуңуз.

Уруктарды сатып алганда жаңысына караңыз, анткени алар бат эле бузулуп калышат (экинчи жылы эле 50% аз болот). Сатып алып жатканда жакшылап караңыз уруктар туура сакталды бы (эгерде ным болуп калса жана кээ бир үрөндөр өсүп баштаса, мындай уруктарды албай эле коюнуз). Уруктардын ортоңку баасы дүкөндөрдө 3–5 евро / кг (сорттко карата).

Газонду кандай колдоносуз, ошого карата уруктарды тандаңыз (сиз газондун үстүндө абдан көп базып жүрсүз бү же эч баспайсыз бы же үй жаныбарларды тамактандырыш учун колдоносуз бу). Эч качан белгиленбеген уруктарды сатып албаныз!

Олуттуу фирмаларда атайын жазылган билим берүүчү кагаздары бар, алар сизге көптөгөн уруктардын арасынан туурасын тандашын жардам берет. Сиз кааласаңыз, ар бир жакшы дүкөндө сизге аларды көрсөтүшөт.

Сатып алынган үрөндөрдү кургак, муздак жана караңгы жерде сактаныз. үрөндөрдү кийинки жылга калтырбаңыз, анткени алар бат эле сапатын жоготуп алышат.

Бүт үрөндөрдү майда отургузуңуз. Отургузуудан мурун кууш тырмоогуч менен топуракты 1 см ылдый тырмап чыгыңыз. Отургузгандан кийин жерди таптаңыз (мисалы убалик менен) жана жакшылап суулаңыз. Уруктар болжолу менен 14 күндүн ичинде өсүп чыгышат. Газон 10 см бийик болуп чыкканда, биринчи жолу аны оруп салыңыз. Кесип салгандан кийин бош жерлер бар болсо, ал жерлерге кайра урук отургузуңуз. Газон калын болушу учун, сентябрдин ортосуна чейин ар бир 1–2 жумада кесиңиз. Кесилген чөптү эч качан ыргытпаңыз! Дагы бир жолу акыркы беттеги статьяны жакшылап окуңуз.

b) газонду салыш учун мурун эле өстүрүлгөн чөп паласын колдонуңуз

Андан кийин абдан жеңил, бирок кымбатыраак. Бир жагынан кирешелүү, анткени сатып алам десеңиз, өстүрүп саткан фирмалар көп, баасына анын орнолушу да кирет. Мындай болсо газон орнотулуш үчүн сиз эч нерсе кылбайсыз.

Жаңы газонду салыш үчүн мурун эле өстүрүлгөн чөп паластары колдонулат. Алардын баасы салышы менен 3–5 €/м².

2. Эски газонго камкордук көрсөтүү

Жаз сайын (март-майдын аба ырайына карата) газонду жалбырактардан жана кургак чөптөрдөн тазалаңыз, керек болсо дагы отургузуп коюнуз.

Газон кышында аязды кетирбейт, ошондуктан аны жазында ороп коюш керек. Газонду жандырыш үчүн топурактын аэрациясы жардам берет. Ал учун жөнөкөй эле нерсе кылсаңыз болот – «аэратор».

Ал учун 2–3 см-лик тактаны даярдаңыз, 30×30 см. Наркы бетинен чыккандай кылып 10 см-лик мык кагып коюңуз. мыктардын аралыктары 2–3 см болушу керек. Мык менен кагылган тактаны жыгач колго орноштуруп коюнуз (анын узундугу сиздин боюнузга карата болуш керек, анткени сизге ал менен иштегени оңой болсун).

Ар дайым газонду кескенден кийин тактайды жерге коюп базыңыз. Андан кийин чыгарып кайра бүт газон аянтын базып чыгыңыз. Керектүү болсо айрыны да колдонсоңуз болот.

Эгерде сиз газонду суугарамын десеңиз, анда аэрациядан кийин кылыңыз. Суугаруучу суу тамырларга түз жетет.

««« Кийинки макала: Суукка чыдамкай пальма (чүткөр пальмасы) Rhapidophyllum hystrix Мурунку макала: Колорадо курту NOVODOR FC ге каршы »»»

Жума 12.11.2010 18:19 | Басып чыгаруу | Газон

КПР клубу туралуу

КПР - Өсүмдүк өстүрүүчүлөрдүн клубу Словакия
КПР – Өсүмдүк өстүрүүчлөр клубу эл аралык багбандардын организациясы болуп саналат. Толук
Өзүңөрдүн өсүмдүк өстүрүүдөгү тажрыйбаңар менен бөлүшкүлө. Бул жөнүндө макала жазыңыз жана анны Ботаникс журналына өзүңүздүн эне тилиңизде жарыялаңыз! Мындан аркы маалымат үчүн биз менен байланышыңыз.

Баары Газон Зыянкечтер Ийне жалбырактуулар Козу карындар Курт-кумурскаларды өлтүрүүчү өсүмдүктөр Пальмалар Суу жана саз өсүмдүктөрү Экзотикалык өсүмдүктөр Өсүмдүк өстүрүү үчүн инструкциялар