Ботаникс – өсүмдүктөр жана багбанчылык тууралуу журнал

Кыргыз версиясы

Колорадо курту NOVODOR FC ге каршы

Колорадо куртун (Leptinotarsa decemlineata) эч кимге тааныштырыш кереги жок. Ар ким аны картофель митеси деп тааныйт, аны химияны колдонбоодон жок кылуу мүмкүн эмес. Бирок азыркы учурда биологиялык даарылар менен жок кыла алышын аздар билет.

Кайдан пайда болду?

Колорадо курту Европага Түндүк Америкадан киргизилген. Башында ал кордильер аймагынын аз жерлеринде жашап, жапай пасленалардын жалбырактары менен тамактанган. Картофельди (ботаникалык аты Solanum tuberosum) бүткүл Америкада өстүрүп баштаганда, колорадо курту картошкага өтүп кетти. Азыркы учурда картошка себебинен ал бүтүн дүйнөгө жайылган.

NOVODOR FC – үчүнчү миң жылдыктын трояндык аты бы?

Novodor FC 2 % Bacillus thuringiensis ssp. Tenebroinis бактериянын протеинын камтыйт. Бул бактерия жалбырак жээгич уюугунун (Chrysomelidae) личинкаларын эле жок кылат.

Ышкыбоз – бакчынын көз карашы боюнча бул көбүнчө жалбырак жээгич курттарга (декоративдүү дарактарга жана бадалдарга – ясень, ольха, вербаларга зыян келтирет) жана колорадо куртуна тиешеси бар.

Даары айтылган түрлөрдүн чилинкаларында оору пайда кылдырат. Иштетилген жалбырактарды личинкалар жегенден кийин тамак жегенди токтотушат жана 2–5 күндөн кийин өлүп калышат. Бул даары башка түрлөрдүн личинкаларына зыян келтирбейт, андан кийин зыян калдыктар өсүмдүктөрдө да, топурактарда да калбайт. Ал личинкаларга гана таасир этет, чоң курт-кумурскаларга эч тасир этпейт. Ошондуктан аны жаш личинкаларга гана каршы колдонулат.

Даарынын эффективдүү болушу үчүн, личинкалар интенсивдүү тамактанышы керек, жалбырактар болсо үстүнөн жана алдынан даары менен иштетилиш керек. Ошондуктан суюктукту шамал жок аба ырайында чачыңыз. Температура 15 Сº өйдө болушу керек. Эгерде 12 сааттан кийин жамгыр жааса, дагы бир жолу чачыңыз.

Дары кичинекей упаковкада сатылат, 100 мл бөтөлкөдө, басы 3 евро. Бул бактериянын башка түрлөрү капустницанын жана плодорожканын личинкаларын (Biobit FC даарысы) жана чымын-чиркейлерди (бизде сатылбайт) өлтүрөт.

Эң жакшысы: даары менен иштетилген өсүмдүктөр дароо эле тамакка колдонсо болот!

««« Кийинки макала: Биз жаңы газон салабыз Мурунку макала: Биз пепино өстүрөбүз »»»

Ишемби 13.11.2010 18:19 | Басып чыгаруу | Зыянкечтер

КПР клубу туралуу

КПР - Өсүмдүк өстүрүүчүлөрдүн клубу Словакия
КПР – Өсүмдүк өстүрүүчлөр клубу эл аралык багбандардын организациясы болуп саналат. Толук
Өзүңөрдүн өсүмдүк өстүрүүдөгү тажрыйбаңар менен бөлүшкүлө. Бул жөнүндө макала жазыңыз жана анны Ботаникс журналына өзүңүздүн эне тилиңизде жарыялаңыз! Мындан аркы маалымат үчүн биз менен байланышыңыз.

Баары Газон Зыянкечтер Ийне жалбырактуулар Козу карындар Курт-кумурскаларды өлтүрүүчү өсүмдүктөр Пальмалар Суу жана саз өсүмдүктөрү Экзотикалык өсүмдүктөр Өсүмдүк өстүрүү үчүн инструкциялар