Ботаникс – өсүмдүктөр жана багбанчылык тууралуу журнал

Кыргыз версиясы

Кызыл карагай Pinus kesiya

Кызыл карагай Pinus kesiya бат өзүүчү Кызыл карагайлардын бир түрү, өзүнүн мекенинен тышкары сейрек өсөт. анын бою 30–35 метрге чейин, сөңгөктүн диаметри 1 метрге чейин болот. Бул үч – ийнелик кызыл карагай (бир пучоктон үч ийне өсөт, узундугу 15–20 см). Тобурчактын чоңдугу 5–9 см, узундугу 1,5–2,5 см.

Анын өсүүчү жерлери түндүк-чыгыш Индиянын Түштүк Гималайдан (азыркы учурда токойлордун азайышынан Хаси жана Нага Мегхалай жана Манипур штаттарынын тоо аймактарында эле), Кытайда (Юньнань провинциясында), Бирмада (Мьянма), түндүк Тайландда, Лаосто, Вьетнамда (Лайтяу, Лангшон, Каобанг, Куангнинь) Филиппиналарга чейин (Лусон). Кээ бирде Филиппиндердеги кызыл карагайды Pinus insularis деп айтышат. Кытайда ушугундай түр өсөт – юньаньдык кызыл карагай (Pinus yunnanensis).

Ал аралаш токойлордун эңкейиштеринде түшүмдүү эмес, кычкыл (pH 4,5) кызыл же сары күлдүү топурактарда 800–2000 метр деңиздин үстүндө, бирок көбүнчө 1200–1400 метрде өсөт.

Климат субтропикалык, мусондук – кургак жана ным мезгил алмашат. Жаан-чачындар абдан көп болот, абанын нымдуулугу 70% ылдый түшпөйт.

Ал жеңил сууктарга чыдамкай, бирок катуу сууктарды чыда албайт. Ошондуктан анын өсүшү үчүн коргоочу жер керек, мисалы, түштүк энкейиштеринде, түндүктөн калкаланган. Түндүк аймактарда аяздар убакытында эң жакшысы бөлмөгө же оранжереяга салып коюш туура болот, температурасы – болжолу менен 0 °C. Түштүк Европада жыл бою ачык асманда өстүрсөңүз болот.

Англис аты : khasi pine Синонимдер: Pinus khasya, Pinus khasyanus

««« Кийинки макала: Биз пепино өстүрөбүз Мурунку макала: Жыйналган чөп менен эмне кылабыз? »»»

Дүйшөмбү 15.11.2010 18:20 | Басып чыгаруу | Ийне жалбырактуулар

КПР клубу туралуу

КПР - Өсүмдүк өстүрүүчүлөрдүн клубу Словакия
КПР – Өсүмдүк өстүрүүчлөр клубу эл аралык багбандардын организациясы болуп саналат. Толук
Өзүңөрдүн өсүмдүк өстүрүүдөгү тажрыйбаңар менен бөлүшкүлө. Бул жөнүндө макала жазыңыз жана анны Ботаникс журналына өзүңүздүн эне тилиңизде жарыялаңыз! Мындан аркы маалымат үчүн биз менен байланышыңыз.

Баары Газон Зыянкечтер Ийне жалбырактуулар Козу карындар Курт-кумурскаларды өлтүрүүчү өсүмдүктөр Пальмалар Суу жана саз өсүмдүктөрү Экзотикалык өсүмдүктөр Өсүмдүк өстүрүү үчүн инструкциялар