Жыйналган чөп менен эмне кылабыз?
Жыйналган чөп менен эмне кылабыз? Эгерде сизге кыска жана жагымдуу газон жакса, анда аны тез-тез оруп туруңуз. Бирок, тез-тез оруп турганда сизде абдан көп жыйналган чөп чогулуп калса, ал сизге жолтоо болот. Ошондуктан менин тааныштарымдын көбүнчөсү чөптү ыргытып салышат. Мен тан калып эле калам, анткени алар эң арзан жер семирткичти сарамжалдуу эмес колдонуп жатышат.
Жыйналган чөп мульчированияга абдан сонун болот. Бул декоративдүү жана пайдалуу өсүмдүктөрдүн жанындагы топурактын органикалык материалдардын каптоосу (орулган чөп, компост, кызыл карагайдын тобурчагы ). Мульчирование сууну көп буулантпайт, көпкө чейин топурактын керектүү нымдуулугун сактайт жана пайдалуу микроорганизмдерге жагымдуу микроклимат түзөт. Чөп каптоосу менен топуракка тамактануу заттар кошулат жана алар өсүмдүктөргө жакшы сиңишет. Помидор жана баклажандын жанындагы мульчирование жемиштердин жарылып кетишин алып келбейт. Кесилген чөп же быша элек компост менен сиз кургакчылык убагында карагаттын жана крыжовниктин жемиштерин түшпөөсүн алдына аласыз. Быйыл кургакчылык мезгили абдан көпкө чейин болду. Кызыл карагайдын тобурчактарында тамактануу заттар жок, бирок мульчирование үчүн кээ бир жерлеринде колдонулат – парктарда, үйдүн алдында, эшиктин алдында…
««« Кийинки макала: Кызыл карагай Pinus kesiya Мурунку макала: Индиялык бук Pongamia pinnata »»»
Шейшемби 16.11.2010 18:20 | Басып чыгаруу | Газон
КПР клубу туралуу
Өзүңөрдүн өсүмдүк өстүрүүдөгү тажрыйбаңар менен бөлүшкүлө. Бул жөнүндө макала жазыңыз жана анны Ботаникс журналына өзүңүздүн эне тилиңизде жарыялаңыз! Мындан аркы маалымат үчүн биз менен байланышыңыз.
Баары Газон Зыянкечтер Ийне жалбырактуулар Козу карындар Курт-кумурскаларды өлтүрүүчү өсүмдүктөр Пальмалар Суу жана саз өсүмдүктөрү Экзотикалык өсүмдүктөр Өсүмдүк өстүрүү үчүн инструкциялар