Ботаникс – өсүмдүктөр жана багбанчылык тууралуу журнал

Кыргыз версиясы

Биз авокадо өстүрүп жатабыз

Авокадо – тропикалык 6–20 метрлик дарак болуп саналат. Жаратылышта Мексикадан Бразилияга чейин өсөт. Азыркы учурда бүтүн тропикалык жана субтропикалык зоналарда өстүрүлөт.

Жалбырактары эллиптикалык, аягында учтуу, теридей, ачык жашыл же жап-жашыл, берки бетинде бооз болот. Апельсиндин жалбырактарына окшош.

Гүлдөгөн учурда гүлдөрдүн тобу 100–300 гүл болот, бирок болжол менен 0.1 % эле чандаштырылат. Бунун негизги себеби гүлдөөнун биринчи күнүндө энелик эле жетилет, ал эми аталыктар ал убакытка чейин өнүгө элек. Андан кийин гүл бир күнгө жабылат. Эмки күнү гүл кайра ачылат, аталыктар жетилип калышат, бирок энелик качан эле кургап калат. Андан тышкары, гүлдөр жетилип калган энеликтер жана аталыктар менен күндүн ар кандай убактарында ачылышат.

Жемиши жумуртка сымал же алмурут формасында болот. Авокадо түрлөрү үч географикалык группага бөлүнөт:

  1. Антилдик группа (тропикалык) тропикалык жапыз жерлеринде болот (800 метрге чейин деңиз деңгелинден). Мисалы Waldin, Simmonds жана Black Prince сорттор бул группага кирет. Алар суукка сезгич болушат. Жемиштери 0,4–1,5 кг болот.
  2. Гватемадык группа (жарым тропикалык) тропикалык тоолуу жерлеринен болот (деңиз деңгелинден 800–2800 м). Бул группанын типтүү үлгүсү Bemik жана Hass түрлөрү саналат. Кыска убакыттын ичинде алар температуранын 0 °C чейин төмөндөөшүн чыдашат. Жемиштери кичирээк (250 граммга чейин).
  3. Мексикалык группа (субтропикалык) мексиканын субтропикалык аймактарынан болот. Бул группага төмөнкү температураларга туруктуу сорттор кирет (кыска убакыттын ичинде зыянсыз болжол менен – 4 °C чейин чыда алышат). Бул группанын сортторун эң көп өстүрүшөт. Мисалы, бул группага Gottfried жана Pernod сорттору кирет. Жемиштери кичирээк (250 граммга чейин)

Азыркы учурда эки группанын сортторун кошуп чыгарылган сорттор да бар (көбүнчө гватемалдык жана мексикалык). Биз үчүн мексикалык группасынан эки сорт гана маанилүү.

Балким, гүлдөө жараяны татаал болгондуктан жемиштер бизде болбойт, бирок өзүнүн жагымдуу жалбырактары менен бул интерьерге эң ылайыктуу сорт. үрөндөн өстүрүлгөн авокадо, 6–8чи жылы гүлдөп баштайт. Авокадага бир типтүү эмес жарык керек. Сиз аны батирде, кеңседе же оранжереяда өстүрө аласыз. Жайында сиз аны балконго же бакчага койсоңуз болот.

Топуракка ал коп талап кылбайт. Борпоң, көп кычкыл эмес, негизинде чарбачылыкта колдонулган жарайт. Жыл бою ага ным, бирок көп суугарылган эмес топурак керек. Эгерде ал кургап кетсе, жалбырактарын тыштап салышы мүмкүн. Мезгилдик суу чачыратуу абдан пайдалуу.

Авокадону үрөн менен көбөйтуу эң жеңил. Кээ бир эле сортторду сабагы менен көбөйтсө болот. Жемиштерди жарымысына чейин мокогон аягы менен ылдый суулаш керек. өсүп баштаганга чейин суулаңыз. (чирип кетпеси үчүн, жемиштерди 3 айдан ашык суулабаңыз деп сунуш кылам. Эгерде 3 айдын ичинде жемиштер өсүп чыкбаса, ошондой эле отургузу бериңиз. Негизинде отургузгандан кийин жемиштер чыгып жана өсүп башташат).

Жемиштерин ¾ мокок жагы менен ылдый отургузуңуз. Менимче, бир бирден чоңураак идишке салуу жана аны шише менен жабып коюш эң оңтойлуу отургузуу. Ошентип ным чөйрө сакталат жана ал өндүрүүнү тездетет. Ашыкча суу дароо эле агып кетиши үчүн, топурак жеңил жана борпоң болушу керек. үрөндөрдү көк басып кетпеши үчүн, шишени күнүгө болжол менен 30 мүнөткө алып коюңуз.

үрөндөр күн бою жылууда турушса жакшы өнүгүшөт. Эң сонун температура – бул 25 °C өйдө. Биринчи жалбырактар өсүп чыккандан кийин, бөлмө температурасы жетиштүү.

Горшокту жылуу радиатордун үстүнө коюп койсоңуз, жогорку температураны баарынан жеңил сактай аласыз. Ошондуктан үрөндү кышында, жылытуучу сезонунда отургузсаңыз баарынан жакшы.

Биздин шартта авокадо бир топ эле бат өсөт. Бутактуу бир метр бойлуу дарак сизде 2 жыл ичинде өсүшү мүмкүн.

Балким биздин шарта авокадону өстүрүш мүмкүн эмес. Бирок бүгүнкү күндөрдө аларды дүкөндө табыш кыйын эмес. Тилекке каршы, дүкөндөн сатып алган жемиштердин үрөндөрүнөн өсүмдүк өстүрүш мүмкүн эмес (алар чанда гана өнүгүп кете алат, анткени үрөндөрдү быша элек кезинде чогултуп алышат ).

Авокадо дүйнө жүзүндө эң пайдалуу жемиш. Анын энергетикалык баалулугу 100 г өзөгүнө 840 kJ түзөт (салыштырыш үчүн: банандар 355 kJ, манго 215, папайя 180, помидорлор 90, бадырандар 0,64 эле). Авокадо 5–32% териге жеңил сиңдирген май камтыйт жана косметикалык каражаттардын баалу курамдыгы болуп саналат. Авокадо жемиш болуп айтылганы менен, химикалык курамга карата ал жемиш болуп саналбайт.

Көбүнчө, авокадо чийки жейилет. Аны кезишет, лимон ширесин, туз же татымал кошушат жана кашык менен жешет. Кийинки номерде сиз авокададан эки-уч жеңил рецепт таба аласыз.

««« Кийинки макала: Нан багы (Хлебное дерево) Artocarpus odoratissimus Мурунку макала: Кытай чай багы - өзүңүздүн чайыңызды өстүрүп алыңыз! »»»

Шейшемби 2.11.2010 17:00 | Басып чыгаруу | Экзотикалык өсүмдүктөр

КПР клубу туралуу

КПР - Өсүмдүк өстүрүүчүлөрдүн клубу Словакия
КПР – Өсүмдүк өстүрүүчлөр клубу эл аралык багбандардын организациясы болуп саналат. Толук
Өзүңөрдүн өсүмдүк өстүрүүдөгү тажрыйбаңар менен бөлүшкүлө. Бул жөнүндө макала жазыңыз жана анны Ботаникс журналына өзүңүздүн эне тилиңизде жарыялаңыз! Мындан аркы маалымат үчүн биз менен байланышыңыз.

Баары Газон Зыянкечтер Ийне жалбырактуулар Козу карындар Курт-кумурскаларды өлтүрүүчү өсүмдүктөр Пальмалар Суу жана саз өсүмдүктөрү Экзотикалык өсүмдүктөр Өсүмдүк өстүрүү үчүн инструкциялар