Ботаникс – өсүмдүктөр жана багбанчылык тууралуу журнал

Кыргыз версиясы

Биз дан курт-кумурскаларга каршы күрөшөбүз

Дан курттары эч ким менен тааныштыруу кереги жок деп ойлойм. Булар кичинекей курттар (3–4 мм), аларды көбү эле ашканаларда буурчактардын арасында табышкан.

Зыянкечтер бүт буурчак үрөндөрдүн түрлөрүндө өнүгүшөт. Ар бир буурчактын түрү өзүнүн дан кумурскалары бар: буурчак – буурчак курту, нокот – нокот курту, жасмык – жасмык курту, боб – боб курту,…

Үрөндөргө кол салынган жерлер, кемирилген жерлер бырышып калгандай болуп көрүнөт, чоң курттар өзүнөн кийин жыртыктарды калтырып коюшат. өсүмүктөр бакчада эле өсүп жатканда курт-кумурскалардан зыян алышына саналбай, кээ бир түрлөрү (мисалы, буурчак курту) үрөндөрдүн сакталып турганда эң көп зыян келтирет (анткени ал жерде жашоого эң ыңгайлуу шарттар бар).

Курт-кумурскалар менен күрөшүү абдан оңой жана натыйжалуу (натыйжалуулук 100% бирдей болот)

Бышкан үрөндөрү менен саадактарды чогулткандан кийин дароо эле тазалаңыз. Үрөндөрдү карап чыгыңыз алардын арасында бираз чиригендер бар болсо, дароо эле аларды жок кылыңыз (эң ыңгайлуусу өртөп салыңыз).

Андан кийин үрөндөрдү баштыкка салыңыз (целофан же мата) жана 48 саатка муздаткычка салып коюңуз. Бул процедурадан кийин сиз бүт стадияда өнүгүп жаткан дан курттарды жок кыласыз. Үрөндөрдү муздаткычтан чыгарыңыз, бөлмө температурасында барактын үстүнө жайыңыз жана 2–3 күндүн ичинде жакшы кургатыңыз. Отургузганга чейин баштыктын ичинде сактасаңыз болот. Бирок мындай сакталган үрөндөргө дүкөндөн сатып алган үрөндөрдүн ичинен чыккан курттар кол салышы мүмкүн.

Ошондуктан капкагы менен банканын ичине салып койсоңуз эң ыңгайлуу болот. үрөндөр куп-кургак болушу керек, анткени аларды көк басып кетиши мүмкүн. үрөндөргө курт-кумурскалар кол салбайт экенине ишенеберсез болот.

Курт-кумурскаларга каршы сортторду таңдап да каршы боло аласыз. Анткени кээ бир сортторду курттар жактырбайт жана тийе алышпайт.

««« Кийинки макала: Тан калтырган вельвичия (Welwitschia mirabilis) – жандуу кен байлыкты өстүрөбүз Мурунку макала: Пальма Parajubaea torallyi »»»

Жума 19.11.2010 18:23 | Басып чыгаруу | Зыянкечтер

КПР клубу туралуу

КПР - Өсүмдүк өстүрүүчүлөрдүн клубу Словакия
КПР – Өсүмдүк өстүрүүчлөр клубу эл аралык багбандардын организациясы болуп саналат. Толук
Өзүңөрдүн өсүмдүк өстүрүүдөгү тажрыйбаңар менен бөлүшкүлө. Бул жөнүндө макала жазыңыз жана анны Ботаникс журналына өзүңүздүн эне тилиңизде жарыялаңыз! Мындан аркы маалымат үчүн биз менен байланышыңыз.

Баары Газон Зыянкечтер Ийне жалбырактуулар Козу карындар Курт-кумурскаларды өлтүрүүчү өсүмдүктөр Пальмалар Суу жана саз өсүмдүктөрү Экзотикалык өсүмдүктөр Өсүмдүк өстүрүү үчүн инструкциялар