Кытай чай багы - өзүңүздүн чайыңызды өстүрүп алыңыз!
Бардык өзүн сыйлаган суйуучу-багбанчы кыш мезгилинин аягында келе жаткан сезондо эмне өстүрөөрүн пландап баштайт. Жыл сайын эле помидор, перец, бадыраң өстүргөндөн тажадыңызбы? Сиз жаңы нерсени каалайсызбы? Кичине экзотикаданбы? Бул жылы өзүңүздүн чайыңызды өстүрсөңүз кандай болот!
Чайдын түрүнө (Camellia) божомол менен 50 дайыма жашыл бойдон туруучу тропикалык жана субтропикалык бадалдар кирет.Мындан тышкары анча узун эмес келген бактар, анын ичинен эң атактуусу болуп- чай багы саналат (Camellia sinensis). Бул туштук жана туштук-чыгыш Кытайдан жана Индиянын, Бирманын, Въетнамдын жана Лаостун кээ бир областтарынан келип чыккан эң байыркы маданияттын өсүмдүгү болуп саналат. Ал областтарда чай багы миңдеген жылдар бою өстүрүлөт. Бул бак бүткүл дүйнөнүн бардык тропиктеринде өстүрүлгөнүнө карабастан, Кытай, Индия, Шри-Ланка жана Япония эң атактуу өндүрүүчүлөрдөн болуп кала бермекчи.
Чай багынын уруктары
Биздин шарттарда чайды өстүрүү кыйын эмес. Маанилүүсү жаны уруктары болуп саналат, анткени чай багынын уруктары бат эле өсүп кете алат. Тоголок келген уруктарын отургуузарга 2–3 кун калганда сууга чылап коюш керек. Андан кийин аларды аба субстратына отургузуңуз. 20–25 С° температурасында алар 2–4 жумада өсүп чыга ала баштайт. Күн тийген жерде жаш өсүмдүк бат өсөт, ошондуктан жарым жылдан кийин аларды терсеңиз болот. Туура терүү менен (отоо) сабактары кең келген кийинки чайды өстүрүү үчүн өсүмдүктү ала аласыз. Жай мезгилинде чай багын эшикте- бакчада же балкондо өстүргөн жакшы. Ысык жай мезгили жана өз убагында суу куюп түрү- өстүрүүнүн эң негизгиси болуп саналат. Албетте өзүңүздүн балконуңузда же бакчаңызда өстүргөн чайдын сапаты, тропикте өскөн чайдын сапатына жетпейт. Бирок ага карабастан чай багы Сизге жакшы маанай тартуулайт жана жакшы аракет кылсаңыз ак гүлдөрүн белек кылат. Кыш мезгилинде чай багын терезеңиздин жанына коюп коюңуз. Бул бадал дайыма жашыл болуп туруучу түргө киргенине байланыштуу, кыш мезгилинде ага күн жетиштей калат, ошондуктан анын жалбырактары түшүп, ОЗУ соолуп баштайт. Бирок жаз келери менен ал кайра өз калыбына келе баштайт, анан Сиз кайрадан чайыңызды тере баштаңыз болот.
««« Кийинки макала: Биз авокадо өстүрүп жатабыз Мурунку макала: Биз вешенка устричнаяны өстүрүп жатабыз (Pleurotus ostreatus) »»»
Шаршемби 3.11.2010 17:00 | Басып чыгаруу | Экзотикалык өсүмдүктөр
КПР клубу туралуу
Өзүңөрдүн өсүмдүк өстүрүүдөгү тажрыйбаңар менен бөлүшкүлө. Бул жөнүндө макала жазыңыз жана анны Ботаникс журналына өзүңүздүн эне тилиңизде жарыялаңыз! Мындан аркы маалымат үчүн биз менен байланышыңыз.
Баары Газон Зыянкечтер Ийне жалбырактуулар Козу карындар Курт-кумурскаларды өлтүрүүчү өсүмдүктөр Пальмалар Суу жана саз өсүмдүктөрү Экзотикалык өсүмдүктөр Өсүмдүк өстүрүү үчүн инструкциялар