Черимойя (Annona cherimola)
Акыркы күндөрү Европага көптөгөн кызыктуу тропикалык өсүмдүктөрдү алып келип жатышат. Мен черимойяны сатып алып даамдап көргөнгө үлгүрдүм. Сатыкта өтө сейрек кездешкенине карабастан, өзүнүн эң даамдуу татымы менен ал жерде көрүнүктүү орду бар болмок.
Черимойя – бул бактын көп колдонуулучу аты болуп саналат – (Annona cherimola), ал Анд өрөөнүндө Колумбиядан Перуга чейин деңиз деңгээлинен 1500 м бийиктикте өсөт, ошондуктан Сиз Черимойяны көптөгөн жылуу областтардан таба аласыз, Израилде жана түштүк Испанияда дагы. Бул түргө болжол менен 120 түр кирет.
Черимойанын кабыгы жашыл-күрөң түстө болот. Жалбырагыны көрүнүшү аны колуңуз менен кармагандан кийин калып калган издер сымал дөмпөк-дөмпөк болуп турат. Быша элек жемиштерин жумшарышы үчүн Сиз бөлмө температурасында калтырып койсоңуз болот. Ичиндегиси ачык күрөң түстө, татымы банан менен ананасты элестетет, жана ичинде 10–20 тоо буурчак өлчөмүндөгү уулу уруктары бар. Жемиштин ичиндегиси чийки түрүндө гана колдонулат. Уруктарын квартирада же болбосо жылуу парникте отургузуп жана өстүрсө болот. Осүп кетүүсү ар кандай убакытта болот, көбүнчө 3 жуманын арасында болот. Осүп кетүүсү үчүн температура болжол менен 27 °C болушу керек. Уруктардан өсүп чыккан кичинекей бактар ачык кызыл түстө болот. Арадан бир канча убакыт өткөндөн кийин алар жашыл түскө айланат. 10–15 см келген жалбырактары жумуртка формасында болуп, мамык менен капталган, жалбырагынын артында жакшы билинип турган тамырчалары бар. Кыш мезгилинде жалбырактарынын кээ бири түшүп калат. Жаарат алганда өзгөчө жытка ээ. Жалбырак түшүп калган жерлерден жаңы сабактар өсүп чыгат. Аннона түрүндөгү бардык өсүмдүктөргө көп жарыктык жана эң башкысы туура кыштоо керек, бул суроо багбанчылар арасында көптөгөн ар кандай ойлорду жаратып келет. Мен аннонаны бүт кышы бою 10 –15C° температуралык бөлмөдө коюп коем. Кышында аларды болуп отургузуп, кайсы жерде жакшы өсөрүн байкап көрсө болот. Адатта аннона 3–5 жылга гүлдөйт. Гүлдөөнүн алдында ал соолуган сымал болуп көрүнөт жана көптөгөн жалбырактары түшүп баштайт. Жалбырагы түшүп калган жерлерде же жаңы жаш жалбырактар менен бирге сары сымал гүлдөр чыгат. Чаңдатуу учун 2 өсүмдүк керек, аларды колго эле чаңдатса болот. Жемишинин бышышына 5–7 ай талап кылынат.
Эң үстүндөгү соолуп калган сымал көрүнгөн бөлүгүнө көп көңүл бурбаңыз. Анча узак эмес кургактык ото зыян алып келбейт, бирок Сиз кыш мезгилинде да суу куюп турушунуз керек. Эгер мүмкүнчүлүк болсо, аннонанын башка түрлөрүн да тапсаңыз болот:
Annona sqamosa – бүргөктүү аннона «бүргөк » тоо буурчакты элестеткен жемиштери менен болот. Ошондой эле аларды шекер алмалары деп аташышат. Алар жашыл же сары-жашыл түстө болушат.
Annona reticulata – торлуу аннона, өзүнүн канды элестеткен түсүнө байланыштуу «эшек» же «бука жүрөгү» деп аталып, ичиндегиси катуу таттуу келет.
Annona muricata – аннона жумшак тикенектери менен, жана ошондой эле гуанабана деп аталат. Жемиштери эң чоң келет (1, 5–5 кг) жана «эң тропикалык» жемиштер болуп саналат. Жемиштери жарым сантиметрге чейин келген сабактарында бөлтөктөр менен өсөт. Алар жашыл түстө. Жалбырактарынан короссол чайын даярдашат.
««« Кийинки макала: Биз вешенка устричнаяны өстүрүп жатабыз (Pleurotus ostreatus) Мурунку макала: Кивано - Cucumis metuliferus »»»
Жума 5.11.2010 17:04 | Басып чыгаруу | Экзотикалык өсүмдүктөр
КПР клубу туралуу
Өзүңөрдүн өсүмдүк өстүрүүдөгү тажрыйбаңар менен бөлүшкүлө. Бул жөнүндө макала жазыңыз жана анны Ботаникс журналына өзүңүздүн эне тилиңизде жарыялаңыз! Мындан аркы маалымат үчүн биз менен байланышыңыз.
Баары Газон Зыянкечтер Ийне жалбырактуулар Козу карындар Курт-кумурскаларды өлтүрүүчү өсүмдүктөр Пальмалар Суу жана саз өсүмдүктөрү Экзотикалык өсүмдүктөр Өсүмдүк өстүрүү үчүн инструкциялар