Кивано - Cucumis metuliferus
Кивано 10–15 см сары ашкабактай эле көрүнөт, анын тикенектери бар жана ортоңку кылымдагы куралы элестеттирет. Өзөгү жашыл жана узун 5–10 мм – лик ак үрөндөрдү камтыйт. Эгерде ал быша элек болсо, тикендердин жанында жашыл сүрөт болот.
Аны бизге Борбордук Америкадан жана Израилден алып келишет. Тамакка жашыл өзөгү колдонулат. Анын бадыраң жана ашкабак же банан менен аралашкан даамы бар. Сиз озөгун чыгаргандан кийин киванону декоративдик чыны катары колдонсоңуз болот. үрөндөрүн кургатып, отургузуп жана батирде өстүргөнө аракет кыла аласыз. Ал бадыраң жакшы өскөн жерде сонун өсөт. Бул күчтүү, бат өскөн, бир жылдык лиана узун жан бутактары менен жана ашкабакты эске салдырган өсүмдүк. Биз аны кыскартыбыш керек. Жалбырактары бадыраңдыкына окшош, аларда кичинекей тикендер да бар.
Чоң 3 мм-дик гүлдөрдүн чандаштыруусу бадыраңдыкындай эле өтөт. Биз жемиштерге көңүл бурушубуз керек, анткени топуракка тийгенде, чирип кетиши мүмкүн. Киваного 25 °C температура айнек жана клеенкадан бадыраңдын жана коондун оранжереялары жарайт. Ал суукту чыда албайт, ошондуктан көчөттөр жазгы сууктардан кийин эшикте отургузулат.
««« Кийинки макала: Черимойя (Annona cherimola) Мурунку макала: Газонду кандай туура кесиш керек? »»»
Ишемби 6.11.2010 17:04 | Басып чыгаруу | Экзотикалык өсүмдүктөр
КПР клубу туралуу
Өзүңөрдүн өсүмдүк өстүрүүдөгү тажрыйбаңар менен бөлүшкүлө. Бул жөнүндө макала жазыңыз жана анны Ботаникс журналына өзүңүздүн эне тилиңизде жарыялаңыз! Мындан аркы маалымат үчүн биз менен байланышыңыз.
Баары Газон Зыянкечтер Ийне жалбырактуулар Козу карындар Курт-кумурскаларды өлтүрүүчү өсүмдүктөр Пальмалар Суу жана саз өсүмдүктөрү Экзотикалык өсүмдүктөр Өсүмдүк өстүрүү үчүн инструкциялар