Ботаникс – өсүмдүктөр жана багбанчылык тууралуу журнал

Кыргыз версиясы

Индиялык лотос (Nelumbo nucifera)

фотография

Лотос гүлү

Индиялык лотос (Nelumbo nucifera) – бул жагымдуу мистикалык суу өсүмдүгү ачык жашыл нымдалбаган жалбырактары менен жана күлгүн кызыл гүлдөрү менен. Буддисттер аны диний ырым-жырымдарда колдонушат. Бут өсүмдүк тамакка жарамдуу (биринчиден тамакка үрөнү жана жер жангагы колдонулат), ал бүткүл Туштүк-Чыгыш Азияда ар кандай тамактарда колдонулат. Ал саз өсүмдүгүн кувшинка катары өстүрүшөт. Лотосту бизде өстүрүш кыйын эмес, бирок кантип өстүрүшүн билиш керек.

Үрөндөрдү отургузуштан мурун аларды бир сыйра өгөлөп коюш керек, анткени сырты атайын такыр суу өткөзбөгөн заттар менен сиңдирилген. Ошондуктан кээде үрөндөр суу өтпөгөндүктөн такыр өнүгүшпөйт. өгөлөнбөгөн үрөндөр 1000 жылга чейин сакталып тура беришет. Эгерде сиз өгөлөбөй эле суулап койсоңуз, чыгуусун эки-уч жыл күтүп калмаксыз.

фотография

өcүп жаткан лотос үрөндөру.

Туура өгөлөдү бү деп кайдан билебиз?

Эгерде жакшы өгөлөсөңүз, үрөндөр 24 сааттын ичинде эки эсе чоноюп калышат. Чонойбосо, дагы бир жолу бираз өгөлөп коюнуз. Дагы эле 24 сааттан кийин эч өзгөрүү болбосо кайра өгөлөй бериниз.

Аларга суу эле керек…

өгөлөп бүткөндөн кийин, үрөндөрдү суу толгон идишке салып коюнуз. 20 °C үрөндөр 24 сааттын ичинде эки эсе чоноюшат. Башында 27–28 °C температура эң ыңгайлуу болот. Бул температурада өсүш бат болот, бир жумадан кийин өсүмдүктөрдө жалбырактар пайда болушат.

Сүрөт документтерди караңыз

биринчи жалбырак пайда болгондон кийин өсүмдүктү саз топуракка отургузуп коюш керек же гравийге(аквариумдарда колдонулат). Жана бүтүн өсүмдүктү 30 см ден кем болбогон аквариумга же көлчүккө отургузунуз. Эгерде субстрат катары сиз аквариумдун гравийин колдонсоңуз, сиз лотосту аквариумда балыктар менен өстүрө аласыз.

Убакыт менен (бою менен) өсүмдүккө көбүрөөк орун керек болот. Сиз аны тоңбогонкыш бакчасынын көлчүгүндө, теплицасында ж.б. жерлерде өстүрө аласыз. Эң ыңгайлуу температура 20–35°C, биздин шарттарда температура төмөн болот, бирок лотоско ал зыян келтире албайт. Жайында лотосту эшиктеги көлчүккө чыгарсаныз болот, бирок кышында сиз лотосту үйгө киргизиш керексиз, же ал нымдуу жерде деле кыштай алат.

Эң ыңгайлуу чечим – бул курулуш ванналарда өстүрүү (алар 60 жана 80 литр батырат жана баасы 10 евро). Өсүмдүктү субстрат менен (саз же аквариум гравий менен) ваннага салып коюнуз. Ванны суу менен толтурганда, лотоско эң ыңгайлуу шарт түзөсүз. Бунун артыкчылыгы сиз аны кыш бакчасында же батирде, айнектин жанында (баарынан жакшы балкондун) эң жарык жана күндүү жерге коюп койсоңуз болот . Жайында ваннаны түштүк балконго же бакчага чыгарып койсоңуз болот. Караныз, лотосту кандай үйдө жашабаңыз өстүрсө болот!

««« Кийинки макала: Газонду кандай туура кесиш керек? Мурунку макала: Сиз торт жалбырактуу өсүмдүктүү бакытка өстүрүп жатасыз – марсилия торт жалбырактуу (Marsilea quadrifolia) »»»

Дүйшөмбү 8.11.2010 18:05 | Басып чыгаруу | Суу жана саз өсүмдүктөрү

КПР клубу туралуу

КПР - Өсүмдүк өстүрүүчүлөрдүн клубу Словакия
КПР – Өсүмдүк өстүрүүчлөр клубу эл аралык багбандардын организациясы болуп саналат. Толук
Өзүңөрдүн өсүмдүк өстүрүүдөгү тажрыйбаңар менен бөлүшкүлө. Бул жөнүндө макала жазыңыз жана анны Ботаникс журналына өзүңүздүн эне тилиңизде жарыялаңыз! Мындан аркы маалымат үчүн биз менен байланышыңыз.

Баары Газон Зыянкечтер Ийне жалбырактуулар Козу карындар Курт-кумурскаларды өлтүрүүчү өсүмдүктөр Пальмалар Суу жана саз өсүмдүктөрү Экзотикалык өсүмдүктөр Өсүмдүк өстүрүү үчүн инструкциялар