Нан багы (Хлебное дерево) Artocarpus odoratissimus

Хлебное дерево (нан багы) түрүнө (Artocarpus) божомол менен дайым жашыл болуп туруучу тута түрүнөн(Moraceae), Түштүк-чыгыш Азиядан жана тынч океан аралдарынан келип чыккан тропикалык бактардын 60 түрү кирет. Бул бак фига багына окшош (Ficus). Эң атактуу жана көп өстүрүүлүчү болуп нан багы (хлебное дерево) эсептелинет (Artocarpus altilis). Бул түргө башка жемиш бактар да кирет, мисалы: кадимки Артокарпус (Artocarpus communis), (Жапайы) чемпедак (Artocarpus integer), Джекфрут (түркүн жалбырактуу нан багы) (Artocarpus heterophyllus) и Маранг или тарап (Artocarpus odoratissimus).

Бул макалада анча таралбаган түр менен таанышмакчыбыз- Artocarpus odoratissimus, ал Борнео (Индонезия) аралынан келип чыккан, жана ошондой эле керекчилик үчүн коңшу өлкөлөрдө да өстүрүлөт (Малайзия, Таиланд, Филиппины). Өзүнүн мекенинде ал төмөнкү аттар менен белгилүү: Атау, Кейран, Лолой, Маданг, Маранг, Пи-иен, Пинган, Тарап, Терап, Ханун сампалор (Atau, Keiran, Loloi, Madang, Marang, Pi-ien, Pingan, Tarap, Terap, khanun sampalor). Бирок булл жерден башка жерлерде ал белгилүү эмес. Табиятта ал деңиз жээгинен 1000 м деңгээлде жээкте жайгашкан токойлордо өсөт.

Ал 25 метрге чейин өсөт, жалбырактарынын узундугу 16–50 см, туурасы 11–28 см. Бир үйлүк өсүмдүк, ошондуктан жемиштери үчүн бир өсүмдүк эле жетиштүү. Жумуртка сымал келген жемиши жашыл түстө, узундугу 16 см жана туурасы 13 см. Салмагы 1 кг жакын. Жемиши бышырылган жана чийки түрүндө да колдонулат. Тамакка колдонордун алдында уруктарын температурадан өткөрүү керек. Нан бактары Түштүк-Чыгыш Азиянын жашоочуларынын тамактануусу үчүн маанилүү элемент болуп саналат. Жемиши кар сымал ак, абдан таттуу, дурианды элестетет (Durio, дүйнөдөгү жаман жыттынган жемиштер), бирок андан айырмаланып жаман жыт таратпайт.

Нан багы Artocarpus odoratissimus уруктар менен көбөйөт. Жаңы уруктары бат өөрчүйт жана бир жуманын ичинде өсүп кете алат. Борнеодогу жүргүзгөн өнүгүүсү боюнча сыноолордун жыйынтыгына караганда, уруктар 3 жумадан кийин өөрчүүсүн жоготот. Ошондуктан уруктарын кумга же болбосо жакшы сиңирүүчү топуракка дароо себүү керек. Вегетативдүү көбөйүү (сабак аркылуу, прививка менен) анчалый ийигиликтүү эмес. Зыянкечтерден жана оорулардан нан дарагы сейрек жабыркайт.

Анын тропикалык келип чыгуусун эске алсак, булл түр суукка чыдамдуу эмес. Минималдык температура 7 °Cдан кем болбошу керек. Биздин шарттарда квартираларда же парниктерде өстүрүүгө болот.


фотография

Нан дарагынын жемиши Artocarpus odoratissimus, Борнео, Индонезия

фотография

Нан дарагынын жемиши Artocarpus odoratissimus, Борнео, Индонезия

фотография

Нан дарагынын жемиши Artocarpus odoratissimus, Борнео, Индонезия

фотография

Нан дарагынын жемишинин деталы Artocarpus odoratissimus, Борнео, Индонезия

фотография

Нан дарагынын жемишинин деталы Artocarpus odoratissimus, Борнео, Индонезия

фотография

Нан дарагынын жемишинин деталы Artocarpus odoratissimus, Борнео, Индонезия

Printed from neznama adresa