Биз пепино өстүрөбүз

Пепинонун мекени (ботаникалык аты Solanum muricatum) Перу же Колумбия болушу мүмкүн. Ал жерден пепино бүтүн Латина Америкага жана анын тышына таралган. Азыркы учурда көбүнчө ал Боливияда, Эквадордо жана Жаны Зеландияда өстүрүлөт.

Европага пепино болжолу менен 1785 – жылы киргизилген. Жаңы өстүрүп башташган биринчи европалыктарга, Людвик XVI жана Кьюдагы (Kew) (Лондондо) англиялык падышалык чарбалык коом кирген.

Түштүк америкалык индейцтер аны качума (cachuma) деп аташат. Бизде анын пепино деген испан атысы бекемделген, ал салаттык бадыраң деп которулат. Англис аты melon shrub, коон бадалы, анын даамын жакшыраак билдире алат.

Пепино бадал, анын бою 1 метрге чейин болот. Өзүнүн мекенинде бул көп жыл өскөн бадал, 2500 метрге чейин деңиз үстүндө өстүрүлөт. Бизде болсо бир жылдык өсүмдүк болуп саналат. Анын гүлдөрү картоштун гүлдөрүнө окшош, алар кызгылт көк же ак жана кызгылт көк түстүү болушат. өсүмдүк эки жыныстуу болгону менен , жакшы тушу малыш үчүн кошумча чандаштыруу керек (көбүнчө оранжереяларда).

Ышкыбоз – бакчы үчүн эң кызыктуусу жемиши болот. Анын формасы авокадого окшош (чоң алмурут), чоңдугу 15 см. алар жыттуу, дамы таттуураак, көбүнчө сары, кремдүү, кызгылт көк тасма менен, көбүнчө үрөнү жок. Тамакка чийки, курулган жана демделген түрүндө колдонулат.

Жемиштери чийки түрүндө колдонулат жана жемиш салатындай (лимон согу кошулган ар кандай жемиштердин кесимдери, даярдаш үчүн жергиликтүү жана экзотикалык түрлөрдү колдоно аласыз).

Демделген папинону гарнир сыяктуу колдонсоңуз болот. Курулган папино экинчи тамак катары тура болот.

Эгерде папино сизге дамы жок болуп көрүнсө, күнүгө колдонгон татымалдарды кошсоңуз болот (корица, бадьян, анис; лимон, гранат же маракуянын согу – акыркы 2 жемиштерди биз сизге сунуш кылган Импорт үрөндөрдүн арасынан өзүңүз өстүрсөңүз болот). Эгерде сизде жемиштер ашык калса, уй шарттрада банкаларга жапсаңыз болот (жалгыз же башка түрлөр менен – помидор, паприка же жемиштер).

Пепино бүткүл тропикалык жашылчадай эле топуракка талапты катуу коет (мисалы паприка, томат). Эн негизги топурак жеңил, аш болумдуу жана дайыма ным болуушу керек. Эксперименталдык өстүрүүдөн белгилүү болду – эң жакшы түшүм топуракты кара фольга менен жабып койсоңуз (бир өсүмдүк үчүн) 40 литрлик идиштин ичинде, болот экен (болжолу менен 40–45 жемиш жыл сайын).

Негизи, аны помидордой эле өстүрүшөт. Вегетация учурунда жумада бир жолу жер семирткич кошуңуз. Эң жакшы Harmavit жер семиркичи таасир кылат (ар кандай чарбачылык менен байланышкан дүкөндөрдө сатылат). Бул жер семирткич топуракка же жалбырактарына берилет. Ал болжолу менен 15 см-лик сабактары менен кобоет. Аларды февраль-мартта тандаш керек. Батыраак өзүш үчүн бой өстүргүч стимулятор менен иштетиш керек.

Андан кийин оранжереядагы же батирдеги кумга сайып коюңуз. Бир айдын ичинде алар тамырларын койберет. Жаш өсүмдүктөр тамырланып калгандан кийин 3 айдан соң гүлдөп башташат. Пепинону үрөнү менен да көбөйтсөз болот. Бирок, бул жол оңтойлуу эмес, анткени өсүмдүк аз эле үрөн чыгарат. Андан тышкары үрөндөрдөн сапаттуу эмес жемиштер өсүп чыгышат.

Пепин, башка түрлөрдөй эле (помидор, паприка) бут оруулардан жана курт-кумурскалардан кыйналат. Көбүнчө бул картофелдик көк Phytophthora infestans. Ага каршы сиз Kuprikol 50 (концентрациясы 0,6 %, б. а. 60 г 10 л сууга; сакталуучу убакыт, ал убакытта жемиштер тамакка колдонулбайт, 7 кунго барабар) же Dithane M 45 (конц. 0,2%, б. а. 20 г 10 л сууга; сакталуучу убакыт, ал убакытта жемиштер тамакка колдонулбайт, 21 күнгө барабар).

Кышты пепино жылууда өткөрүш керек (ранжереяда же батирде). Температура 5 °C ылдый түшбөш керек. Жазында энелик өсүмдүктөрдөн тездетүүчү үчүн сабактарды тандап алыңыз, эскилерин жок кылып салыңыз, анткени алардын өстүрүүсү кереги жок болот.

Пепинону өзүмдүн сунушума кошомун деп ойлогон жокмун, анткени бул тур бизде сатылат жана көбүнөргө кызыксыз болуп калат. Андан тышкары, пепино жеткиликтүү баада сатылат – ортоңку баа 1 Евро.

Printed from neznama adresa