Баштарды жана өсүмдүктөрдү отургузуу

Сатып алынган үрөндөрдү, почта менен алып келинген, баштыктан чыгарыңыз жана 2–3 күнгө көлөкөлүү жерге коюп коюңуз. Сизде экинчи мүмкүнчүлүк да бар, дароо эле отургузуп, андан кийин 2–3 күнгө бир нерсе менен үстүн жабып коюш (мисалы кеңсе кагаздары, такта), тик күндүн нурларына чыгарбаш үчүн. Андай болбосо, сиз аларды күчтүү күндүн нурунан тийген зыянга калтырасыз.

мурун чоңойтулган өсүмдүктөрдү отургузуу

үрөндүн өлчөмү менен чункур казыңыз. үрөндү горшоктон чыгарыңыз жана тамыры менен ылдый, ар жактарга каратып чункурга салыңыз. Чункурга бираз суу куюңуз, суу сиңгенден кийин жер менен жабып коюнуз. Ушундай эле баарын отургузуп чыгыңыз. Баарын отургузуп бүткөндөн кийин суугарып коюңуз.

Отургузгандан кийин биринчи күндөрү керек болгондо эле суугарыңыз, ысык күндөрү көлөкө кылып коюңуз. 1–3 жуманын ичинде өсүмдүк тамырланып калат, андан кийин башка өсүмдүктөрдөн эле караңыз.

баштарды жана жемиш тамырларды отургузуу

Биринчиден баштарды жана жемиш тамырларды отургуза турган жерлерди казыңыз (андан кийин “баш” деп атайбыз). Отургузуунун алдынан баштарды кагаз баштыктардан чыгарыңыз. Терең эле чункурларды казыңыз (таблицаны караңыз) жана вегетативдүү чокусу менен өйдө башты салыңыз. Кээ бир түрлөрдө карама-каршы отургузулган баштар өлүп калышы мүмкүн. Анан башты жер менен себиңиз жана бираз таптаңыз. Эгер аба ырайы кургак болсо, отургузгандан кийин топуракты жакшылап суугарыңыз,мисалы жайдын ортосунда тюлпандарды отургузуп жатасыз (сизде сактоочу жер жок, сиз көп убакытка эс алууга кетип бара жатасыз), андай болсо суугарыш кереги жок. Баштар эс алып башташат жана биринчи күзгү жамгырлар менен өсүп башташат.

Майдараак баштар жана оор топуракта өстүрүлгөн баштар терең отургузбаңыз. Отургузуунун тереңдиги баштын аягынан топурактын үстүнө чейин саналат!

Баштардын сырткы жактагыдары кургап калганда жерден казылат (бул баары баштарга тиешеленет, гладиолустан башка). Жылуу же кургак жайдын башталышында болушу мүмкүн, бирок эрте эле майда да болушу мүмкүн. Ар түрдүү баштарды казып чыкандан кийин күзгө чейин кургак жерде сактаса болот (мисалы чеснок, шафран, тюльпан). Башка түрлөргө, мисалы лилияларга, гадючий пиязга, птичемлечникке жана купенеге жылуулук зыян келтириши мүмкүн, кээде өлүп калат. Кургакчылыкты жактырбаган түрлөрдү бир топурактан башка топуракка которуп жатканда көпкө чейин сактабай отургузунуз (бир жума кургак жерде алар чыдышыт, бирок андан көп кармабаңыз).

түр отургузуу мезгили отургузуунун тереңдиги(см)
чоң эмес чеснок баштары менен 2 смге чейин – мисалы: Allium carinatum, flavum, molly, oleraceum, scorodoprasum 7.-10. 5–8
чоң чеснок баштары менен 10 см чейин – мисалы: Allium giganteum, karataviense, nigrum 7.-10. 10–15
Colchicum – осенний безвременник 8. 15
Crocus – жазында гүлдөгөн соттор (Crocus chrysanthus, Crocus vernus) 10. 9
Crocus – күзүндө гүлдөгөн соттор (Crocus sativus) (7.-)8. 9
Gladiolus – гладиолус, шпажник (бакчалык сорттор) 4.-5. 10 (меньшие 5)
Gladiolus – гладиуолус, шпажник (экзотикалык ботаникалык түрлөр) 9. 5–8
Lilium candidum – Лилия ак 8. 3
Lilium – Лилия, башка түрлөрү 9.(-10.) 5–15 сортко карата
Muscari – мускари, гадючийпияз, чычкан гиацинти 7.-10. 8–10
Narcissus – нарцисс 8. 10
Ornithogallum umbelatum – Птичемлечник зонтикалык 7.-10. 10
Polygonatum – Купена 8.-10., 2.-3. 10
узун эмес тюльпандар чоң эмес баштары менен, мисалы: Tulipa chrysantha, tarda, saxatilis, turkestanica, urumiensis 10. 10
узун тюльпандар –Грейг Тюльпаны (Tulipa gregii), Фостер Тюльпаны (Tulipa fosteriana), Кауфман Тюльпаны (Tulipa kaufmanniana) и бакчалык гибриддер 10. 12–14

лилияны пияздын териси менен көбөйтүү

фотография

Лилияны пияздын териси менен көбөйүүнүн мисалы

Көбөйтүүнүн эң жөнөкөй ыкмасы – пияздын териси менен.

пияздын терисин чоң эмес сүйрүү кутучага салыңыз, тереңдиги 1–2 см (=теринин үстүндөгү топурактын жоондугу), күндүзгү температурасы 25–30 °C, түнкүсү 22 °C болгон жерге коюп коюнуз(түнкүсү температура төмөндөшү мүмкүн, бирок негизгиси күндүзгү) (мисалы: оранжерея, теплица, батирдин айнеги). Субстрат кургагыраак болушу керек. Мындай шартта алдыңкы жактарында бат эле жаңы баштар пайда болушат. Бир териде 1–3 айдын ичинде 1 см чоңдугунда 2–3 баш пайда болот. Эгерде терилер июльдун аягында чогултулуп жана отургузулса, анда сентябрдын биринчи жарымында сиз аларды чогултуп жана 2 см терендикте отургуза аласыз. Бир баш тери менен 4 см аралыкта отургузунуз. Клумбада 4–6 жыл өстүргөндөн кийин гүлдөй алган эң жакшы баштарды аласыз.

баштардын үрөндөрүн отургузуу

Баштардын кээ бир түрлөрү абдан бат жана эффективдүү көбөйтсө болот. үрөндөрдү март-апрелде дароо эле топуракка же горшокторго 0,5–1 см тереңдигинде отургузуңуз. Биринчи жылы башка жерге отургузбаңыз, ошол жерде эле калтырып коюңуз. Көбүнчө түрлөр 2–5– жылы гүлдөп башташат. Кичирээк түрлөр чоң түрлөргө карата батыраак гүлдөшөт.

Printed from neznama adresa