Parajubaea torallyi Түштүк Америкадагы кооз жана туруктуу пальмаларынын бири болуп саналат. Пальманын аталышы Сизге эч нерсени айтпай элеби? Таң калычтуу деле эмес. Европага уруктарыны чоңдугуна байланыштуу (ошондуктан транспортировкага кымбат каражат талап кылынат) кез-кезде эле алынып келинет. Ошондуктан Боливиядан башка жерлерде бул укмуштуу пальманы сейрек кездештиресиз.
Табиятта боливиянын Анд кургак өрөөндөрүндө деңиз деңгээлинен 2700–3400 метр бийиктикте кездешет, ошондуктан дүйнөдөгү эң бийик болуп өсүүчү пальмалардын бири болуп саналат. Температура сейрек гана 20 градуска көтөрүлөт , түнкүсүн суук. Жай мезгилинде (июль, август) температура көп учурларда –7 °C га чейин болот. Бул жерде жылдык жаан-чачындар 550 м ге араң жетет, бул көрсөткүч Моравиянын эң кургак жерлеринен да аз. Бийик тоо климаты үчүн бул пальманын түрү суукка чыдамдуу келет, ошондуктан, бул пальманы Ортодеңизде ачык асманда төрт мезгил бою өстүрсө болот. Бизде бул өсүмдүктү имараттын ичине которушубуз керек, ал жерде бул өсүмдүк оңой эле 0 С температураны көтөрөт. Европада суукка чыдамдуулук 3 °С га барабар. Эң ылдый пальма чыдаган температура –8 °С температура болгон. Бирок, ал бардык жалбырактарын таштап салган, кайрадан жазында жаңы жалбырактар чыккан.
Боливияда ал 14 м ге чейин өсөт, сабагынын диаметри 25–35 см. Жүзжылдык экзеплярлары 30 метрге чейин өсөт, сабагы 50 см келет. Узундугу 5 метрге чейин келген 20 чакты жалбырактары кооз көрүнүш. Культурада, өзүнүн жайынан алыс жерлерде пальма кичирээк болуп өсөт.
Табиятта бул пальма 2 башка популяцияда өстүрүлөт, алар уруктарынын чоңдугуна жараша айырмаланат. Parajubaea torallyi вар. torallyi нын уруктары 7 см чейин өсөт, ошол эле учурда анын кичине уруктары менен варианты Parajubaea torallyi вар. microcarpa 3 эсе кичине , бирок алып караганда айырмасы аз эле, табиятта болсо кичинекей келген варианты өзүнүн группасындагы уруктардын чоңдугуна жетпей калат.
Боливияда Parajubaea torallyi шаардык парктарда жана көчөлөрдүн четтеринде өстүрүүлүчү сүйүктүү өсүмдүк болуп саналат. Экватордо жана Түштүк Колумбияда 2500 метр деңиз деңгээлинен бийиктиктеги шаарларда Parajubaea cocoides өстүрүлөт,ал суукка азыраак туруктуу келет жана жайыраак өсөт. Parajubaea torallyi га окшоштугун эске алып, жана ошондой эле табиятта ал белгисиз экендиги үчүн Parajubaea torallyi нын культурадагы формасы жөнүндө сөз болуп жатат деген божомол бар.
1996 –жылы Parajubaea sunkha сүрөттөлгөн, ал бул пальма түрүнүн эң кичине өкүлү болуп саналат. Ал 8 метрге чейин өсөт, бир нече ички Анд өрөөндөрүндө Валлегранд областтарында, Боливиянын Санта-Крус округунда деңиз деңгээлинен 1700–2200 метр бийиктикте өсөт. Туура таксономикалык текшерүүгө чейин анны Parajubaea torallyi менен алмаштырып келишкен.
Выращивать пальмы рода Parajubaea түрүндөгү пальмаларды уруктардан өстүрүү кыйын эмес, бирок бул үчүн чыдамкай болуу керек. Табиятта уруктар сейрек алынып кетилет, адатта бул процесс үчүн 1,5 жыл сарпталат. Кээ бир культурадагы уруктар бир айдан кийин алынып кетет, башкаларына жарым ай, үчүнчүлөрүнө 2 жыл талап кылынат. Эгер пальманын субтропикалык түрүн алсак, бийик температура анын өсүшүн ылдымдатпайт, тескерисинче жайлатат.
Отургузганга чейин уруктарды 5–7 күнгө чейин сууга чылап коюш керек, чоң уруктарды 2 жумага чейин деле кармаса болот. Сууну сасып кетпеши үчүн күн сайын алмаштырып туруу керек. Уруктарды (өзгөчө чоң уруктарды) жылмалап (сылап тегиздеп) койсоңуз болот. Суу бул учурда уруктарга сиңип уруктардын уктоо убактысын токтотот (уруктарды коргоочу эс алуу фазалары, анткени алар Боливиянын кургакчылык убактарында- июндан октябрга чейин өсүп кетиши мүмкүн). Бул менен нымдуу фаза токтойт. Эсиңизден чыгарбаңыз,сөз кургак областтарда өсүүчү субтропикалык түр жөнүндө болуп жатат, ошондуктан суунун көптүгү аларга терс таасирин тийгизет.Уруктарды сууга чылап бүткөндөн кийин аларды чакаларга же пластик баштыкчаларга жарымы абага чыгып тургандай кылып отургузуу керек. Температура болжол менен 10–20 oC (эгер түнкү жана күндүзгү температуралар арасында бир аз айырмачылыктар болсо эң сонун болот). Ылдыйыраак температура жана дээрлик кургак субтрат башка өстүрүүдө башка түрлөрдөн айырмачылыгы болуп саналат.
Олтурулгузулган уруктарды 3–4 жумада бир текшерип туруңуз, ашыкча сабактарын башка челектерге отургузуңуз. Кээ бир багбан- сүйүүчүлөр жакшы тажрыйбалуу болушат- алар бир жыл ичинде алынбаган уруктарды сугарганды толук кургап кеткиче бир нече ай сугарышпайт.Андан соң уруктарды тандап алып, бир жумага сууга чылап коюшат жана кайра отругузушат. Бир жыл ичинде бары өсүп кете алат. Өсүп кете албаган уруктарды кайрадан кургатып (Боливияда сыяктуу), сууга чылап, анна отургузушат, ошондо бардык уруктар өсүп чыгат.
Бул уруктардын өсүп кетиши 100% ке барабар, бир гана алар менен кандай мамиле жасоону билиш керек. Ал эми жалко уруктарга бир нече кургак ай бериш зарыл.
Эгер кичинекей өсүмдүк өсө баштаганда, анны өстүрүү оңой болуп калат, бир гана ашыкча суу куйуудан баш тартыңыз. Жаш пальмалар жарым көлөкөнү жактырышат (себеби кичинекей пальмалар табиятта чоң пальмалардын жарым көлөкөсүндө өсүшөт), бирок ошол эле учурда жетилип калган пальмаларга толук жарыктык талап кылынат.
Parajubaea түрү түштүк америкалык пальмалардын катарына кирет, алар жоголуп кетүү коркунучу алдында турушат.Негизги себеби болуп биотопторду өлтүрүү, айыл-чарба үчүн жерлерди колдонуу, токойлорду жоготуу жана ашыкча малдарды оттотуу болуп саналат . Пальмалар өтө кичиекей территорияларда кездешет, бул алардын жагалуп кетүү коркунучуна жакындатат. Уруктарынын чоңдугуна байланыштуу аларды жаңы жерлерге көчүрүү чектелген, чоң чакырымдарга жеткирүүчүсү болуп очковый медведь (Tremarctos ornatus) саналат, ал адамдардын эмгегинин артынан жоголуп кетүү коркунучунда турган өсүмдүк.
Printed from neznama adresa