Биз вешенка устричнаяны өстүрүп жатабыз (Pleurotus ostreatus)

Азыркы учурда вешенка устричная (Pleurotus ostreatus) шампиньондорго караганда андан да белгилүү болуп калды. Аларга караганда вешенка устричная бир чоң артыкчылыгы бар – аны уу кубарган поганка менен алмаштыра албайсыз.

Козу карын адамдын организмин уулу заттардын таасиринен коргоочу витаминдерге, аминокислоталарга жана минералдык заттарга бай. Ал канда холестеролдун деңгээлин төмөндөтүүгө жардам берет. Козу карын төмөн энергетикалык тамак. Ошондуктан ал төмөн энергетикалык диэталарга ыңгайлуу. Рак оорусуна каршы таасир кылган заттарды камтыйт деп божомолдонот.

Вешенка устричнянын өстүрүү эрежеси (Pleurotus ostreatus)

Вешенка устричняны өстүрүш үчүн сизде эки мүмкүнчүлүк бар – же самандын үстүндө полиэтилендик пакеттин ичинде, же жыгач дөңгөчтүн үстүндө.

Самандын үстүндө полиэтилендик пакеттин ичинде өстүрүү

Биринчиден саманды даярдаңыз. Бактерияларды, көкту жана башка козу карындарды жок кылыш үчүн, саманды стерилизациялаш керек. стерилизациянын эки жолу бар:

  1. Саманды чоң идишке (казан, эски кастрюль ) салыңыз, суу куюуңуз жана 100 °C температурада 1 саат кайнатыңыз. Андан кийин саманды 20–25 °C чейин мустатыңыз.
  2. Экинчиси андан да жеңил. Саманды чон идишке салыңыз, кайнак суу куюп коюңуз. Анан сууну тоңгуңуз, саманга дагы бир жолу кайнак суу куюңуз. 20–25 °C чейин муздагандан кийин саман даяр.

Отургузуу мындай болуп өтөт – чоң каптын ичине алмак-салмак саман жана прививочный субстрат салынат. Бир тануу субстрат 15–20 кг ным саманга жетет. Бул болжолу менен 50×100 см полиэтилен пакетине туура келет. Пакетти толтургандан кийин аны байлаңыз. Бычак же миз менен пакетте 3–5 смлик кесик кылыңыз, болжолу менен 1 пакетке 10 кесик туура болот. Эгерде сиз өстүргөн чөйрөнүн абасы төмөн жана нымдуу болсо, азыраак кесик кылыңыз (керектүү болсо кийин дагы кесик кыла аласыз). Отургузгандан кийин пакетти көлөкөлүү жерге жайгаштырыңыз (күндүн түз нурлары тийбеш үчүн). Козу карын өстүрүш үчүн ылайыктуу температура 15–25 °C. Температура жогорлонгон сайын, козу карын да тезирээк өсөт (демек самандагы аш болумдуу заттар батыраак каражатталынат). Ошондуктан сизге канча керек болсо, ошондон температураны текшериш керек. Эгер түшүм сиздин колдонуудан көп болсо, муздагыраак жерге коюңуз. Эгер сизге көбүрөөк козу карын керек болсо, жылуурак жерге коюңуз. Вешенка 3–4 айдын ичинде түшүм берет, андан кийин пакеттеги аш болумдуу заттар түгөнөт , сизге жаңы саманды эскинин арасына кошсоңуз болот. Бир тануудан 2–4 кг козу карын өстүрө аласыз.

Дөнгөчтүн үстүндө өстүрүү

Вешенка устричная жаратылышта жалбырактуу дарактарда өсөт. Ошондуктан сиз аны 30–80 см дөңгөчтөрдө өстүрө аласыз. Дөңгөчтөрдүн бүт жалбырактуу дарактардын түрлөрү жарайт (ийне жалбырактуу эмес!). Дөңгөч жарым жылдан ашпай сакталыш керек.

Отургуузуштун ар кандай жолдору бар. Отургузуучу зат дөңгөч менен байланышта болушу керек, анткени козу карындар дөңгөчтө өзүп башташы үчүн. Дөңгөчтөрдө жыртыктарды тешиңиз же болбосо ара менен кесик кылып коюңуз. Анын ичине отургузуучу затты өсүш үчүн 2–3 айга калтырып коюңуз . Кийин мицелий менен өскөн дөңгөчтү бактын көлөкөлүү жерине 1/3 топуракка салып коюңуз. Кургап калса суу менен чачыратыңыз. Түшүмдү дөңгөчтөн сиз 2–5 жыл ичинде чогулта аласыз (бул аш болумдуу заттарга көз каранды болот).

Pleurotus ostreatus



Printed from neznama adresa