Газонду алыш үчүн, аны туура кесиш керек. Анткени жок болуп бараткан газондун жанында, эч бир пихта же кызыл карагай жагымдуу көрүнбөйт.
Газонду кесип жатканда бир эреже бар, анын узундугунан 1/3 эле кыскартат. Эгер 6 см-лик газонду кесип жатсаңыз, сиз 4 см –ин калтырып, 2 см –ин эле кесесиз. Газондун эң ыңгайлуу узундугу 2–3 см. Эгер сиз абдан кыска кесип койсоңуз, газон кургап калышы мүмкүн. Эгер сиз баары бир кыска газон кылгыңыз келсе, кыскарткандан кийин абдан жакшы суугарганы унутпаңыз (болжолу менен 10–15 л 1 м² ге).
Бизде косилканын 2 түрү колдонулат – классикалык жана “мульчалаган”.
Мульчалаган косилкалар кесилген чөптү чогултпайт, бирок майда кесет жана газондун үстүндө чачып салат. Ошентип, газон кесилгенден кийин өзүн эле семиртет. Эгерде газондун жанында сизде бассейн бар болсо, бул косилканын түрү жарабайт, анткени чөптүн майда кесиктери буттарыңыз менен бассейнге түшүп калышы мүмкүн. Мындай газондорго чөп чогулткан корзиналары менен классикалык косилкалар туура болот.
Азыркы учурда аралаш түрлүү косилкалар бар. Эгерде сиз чөп чогулткуч корзинаны орноштурсаңыз – классикалык косилканы аласыз, коhзинаны алып койсоңуз – мульчалаган косилканы аласыз.
Косилкалар 15º тан аз эңкейиштеги газондорго жарайт. Эгерде сиздин газонуңуз жогору жерде болсо – кол косилканы колдонуңуз. Кол косилка бадалдардын, дарактардын жанында жана газондун үстүндө же чеnинде отургузулган көп жылдык өсүмдүктөрдүн жанын кеcүүгө жакшы жарайт.
Printed from neznama adresa